Айыл чарба министринин орун басары жана ветеринардык кызматтын директору айыл чарба малдарын экспорттоого квота бөлүштүрүүдө коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн кармалганын бүгүн УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, УКМКнын Жалал-Абад облустук Башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде коррупциялык схема аныкталды. Буга чейин Айыл чарба министрлиги тарабынан 2025-жылдын июль айында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана ички рынокту турукташтыруу максатында малды экспорттоого квота киргизилген. Ошол эле учурда айыл чарба министринин орун басары «Н.С.Н.», Ветеринардык кызматтын директору «К.У.С.», министирликтин бөлүм башчысы «М.Э.У.» жана Ветеринардык кызматтын бөлүм башчысы «Н.у.Б.» кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз байуу максатында, иш жүзүндө мал чарбачылыгы менен алектенбеген өздөрүнө тиешелүү болгон адамдарга мыйзамсыз квота берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан. Мында ал адамдардын малы бар экендиги жөнүндө актылар Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдарынын көрсөтмөсү боюнча райондук ветеринардык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан бурмаланган.
Натыйжада ортомчу ишкерлер мыйзамсыз алынган квоталарды дыйкандарга жана малды экспорттоо менен алектенген жеке жактарга бодо малдын 1 бирдигине 300 АКШ долларынан, ал эми майда малдын 1 бирдигине 5 миң сомдон сатышкан.
Бул коррупциялык схеманы уюштуруунун натыйжасында 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу коңшулаш Өзбекстан Республикасына мыйзамсыз чыгарылып, эттин кымбатташына себеп болгон.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында айыл чарба министрлигинин аталган кызматкерлери, ошондой эле ортомчу ишкерлер кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергөө уланууда.