Көзөмөл күчөтүлдү. Эттин баасы 700 сомдон ашпайт
Новость

Айыл чарба министрлиги эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдү күчөттү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына эттин дүң баасын төмөндөтүү боюнча тапшырма берди.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына эттин чекене баасын көзөмөлдөө милдети жүктөлдү. Белгиленген чектөөгө ылайык, эттин баасы 700 сомдон ашпоого тийиш.

Мындан тышкары, министр мамлекеттик ишканаларга уйдун этин сырттан алып келүү боюнча кошумча тапшырма берди.

11-августтан тартып 90 күнгө уй жана кой этинин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.

Бул чечим негизсиз баанын өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Бааны көзөмөлдөө иштерин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жүргүзөт.