Тыйын тапкандын айласыбы? Жар-жар айтуу тилекпи же бизнеспи?
Новость

Акыркы той-топурларда жар-жар айтуу салтынын өзгөрүп баратканы көпчүлүктү өкүндүрүүдө. Илгертен кыргыздардын өзгөчө ыры катары келин узатуу учурунда жакшы тилек, ак бата менен айтылып келген бул салт бүгүн башкача өңүттө колдонулуп баратат. Бул тууралуу УТРКнын “Кыргыз руху” берүүсүндө Билим берүүнүн жана маданияттын отличниги Сонунбүбү Калматова билдирди.

Анын айтымында, жар-жар — жөн гана ыр эмес, өзүнө терең маани камтыган байыркы ырым.

“Жар-жар айтуу деген ырым эле. Ушунун түсүн өзгөртсөк да, ичиндеги тамырын өзгөртпөй койсок болмок да. Жакшы тилек, жакшы бата менен айтыла турган нерсе. Өмүрдүн жашын көрүп, кызды берип, баланы чоңойтуп, очор-бачар болуп, теңи менен чогуу жашап өмүр сүрүп жаткан адам жар-жар айтса жарашыктуу болор эле. Бүгүнкү күндө тыйын тапкандын эле айласыбы — күйөөгө чыкканы же чыкпаганы деле, башына ар түрдүү жоолук салып алып, оронуп алганы деле жар-жар айтып калышты. Биз өзүбүздүн кыргыз деген атыбызды, наркыбызды, атадан калган мурасыбызды өзүндөй кылып, өзөгүнө киргизип айтсак жакшы болгону турат. Ар бир салттын, мурастын тамырын өзгөртпөй чыгара алсак сонун болот эле”, — деди ал.