Бишкек-Ош жолунун Суусамыр тилкесинде 18 чакырым асфальт төшөлдү
Новость

Бишкек-Ош автожолунун Суусамыр тилкесинде жүрүп жаткан жол оңдоо иштери башталгандан бери 18 чакырым эки тараптуу асфальт басылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Учурда асфальт төшөө, кээ бир тилкелеринде жолдун негизин даярдоо, суу түтүктөрүн орнотуу иштери уланууда.

Суусамыр ɵрɵɵнүндɵ суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт-бетон заводу орнотулган. Азыркы тапта заводдордон (АБЗ) саатына 200-300 тонна кɵлɵмүндɵгү асфальт чыгарылып жатат. 

Бишкек-Ош авто жолунун Суусамыр тилкесин капиталдык оңдоо иштери 2025-жылга пландалып, ушул жылы курулуш иштери башталды.