Аймактагы жашоону өзгөрткөн долбоор: Баткенде 4 миңден ашык үй-бүлө ишкер болду
Новость

Баткен облусунда акыркы үч жыл ичинде 4 миң 186 үй-бүлө социалдык келишимдин алкагында мамлекеттен 100 миң сомдон колдоо алышкан. Бул жардам көпчүлүк үчүн ишкердикке жол ачып, туруктуу киреше табууга шарт түзүүдө. Долбоордун алкагында иш баштап, ийгиликке жеткендердин бири — Чек айылынын тургуну Гүлайым Эргазыева. Ал берилген каражатка чакан тигүү цехин ачып, айылдаштарын жумуш менен камсыздап келет.

Гүлайым Эргазыева социалдык келишим долбоорунун арты менен ишкерликке белсенип, ийгиликке жеткендердин бири. 2023-жылы мамлекеттен 100 миң сом кайтарымсыз каражат алып, эки машина менен тикмечиликти баштаган иши бүгүн чакан тигүү цехине айланды.

“Үйдөн эле тигип жатканбыз. Жайыбыз кичинекей болчу. Бир бөлмөнү цех кылып алганбыз. Анан жолдошумдан цех салып бер деп сурандым. Жолдошум дароо эле макул болуп, цех салып берди. Чакан болсо да биз үчүн чоң болуп турат. Азыр биздин негизги ишибиз кызга сеп даярдайбыз. Мындан сырткары буйрутмалар келет. Бишкекке, Баткен районуна жөнөтүп жатабыз”-деди ал.

Кичи цехте учурда туруктуу 5 жумуш оруну бар. Мындан сырткары үйдө отуруп иштегендер да бар. Сезон мезгилинде тигүүчүлөрдүн саны 30га чейин жетет. Айыл тургундары үчүн бул — жакын жерден туруктуу жумуш табууга чоң мүмкүнчүлүк.

“Мурда үйдө эле олтурчубуз. Баткенге барып иштегенге шартыбыз жок, алыс болуп калчу. Азыр айылда жумуш оруну тузүлүп жакшы болду. Мен үйгө да өзүмө машина алып алгам. Бул жакта да иштеймин. Кечинде үйгө алып барып да тигемин”, -дейт Чек айлынынын тургуну Асел Камилжан кызы.

Баткен районунун өзүндө социалдык келишим менен иш баштагандардын саны 2 миң 300гө жеткен. Былтыр эле 1 миң 136 жаран мамлекеттен 100 миң сомдук колдоо алып, ишкердикти баштаган. Жергиликтүү бийлик тарабынан алардын жумушуна үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп турат. 

Райондун акими Данир Иманалиевдин айтымында, быйыл социалдык келишимдин суммасы 150 миң сомго чейин көбөйгөн. Райондорго атайын квоталар бөлүнүп, Баткен районунда 794 адам 150 миң сомдон алышкан. Каражаттын максаттуу пайдаланышы боюнча да көзөмөл күчөтүлгөн.

Баткен облусунун аймагында 3 жыл ичинде жалпысынан 4 миң 186 үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык жардамга ээ болушкан. Алардын ичинен ишин ийгиликтүү жолго койгон 84 үй-бүлө кошумча колдоо катары 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя алышкан. Алар тигүүчүлүк, өндүрүш, мал чарбачылык, кызмат көрсөтүү жана соода-сатык тармактарында иш алып барып жатышат. 2025-жылга карата Баткен облусуна 2 миң 54 квота бөлүнүп, дал ушул сандагы үй-бүлө жаңыдан ишкердикке кадам таштады.