Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасы аркылуу тилектештерине жана кесиптештерине кайрылды.
"Өзүңүздөр жакшы билесиздер, жумуш ылдам жүрүп жатат. Кайсы бир мезгилдерде айда-жылда бир имарат курулуп, анын ачылышы чоң майрамга айланчу эмес беле?
Азыр андай жаңы бүткөн имараттардын ачылышын кылып жетишпей, бир күндө жүздөгөн ишканаларды, социалдык объектилердин лентасын онлайн кесип жатабыз. Бюджетибиз 2020-жылы 247,7 млрд сом эле, бул жылы триллиондон ашабыз.
Мындай темпти кармап, андан ары улантыш үчүн ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткарып, тоскоолдуктарга алаксыбаш керек.
Кээ бир, мекен көзүнөн учкан бекерчи былжырбайлардын айткандарына теригип, аларга жооп бергенди токтоткула! Бул бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге тиешелүү.
Алардын айтканын талдап, мурда кылган жана кылбаган иштерин эстеп, убактыңарды коротпой, мамлекет тарабынан алдыңарга коюлган тапшырмалар менен алектенгиле.
Андай полемикага аралашсаңар, бир тыйын пайда таппайсыңар. Силерге ишенип берген кызматыңардын убактысын текке кетирген болосуңар.
Биз өлкөбүздү өнүктүрүүдө өткөн-кеткендерди айтып, чычалабай, алдыга гана умтулалы. Биз ишибиз менен далилдейли.
Ошондуктан, «бездельник», ар кайсыны былжыраган адамга теңелбей иштегиле жана иштин жыйынтыгына көңүл бургула!
Андай келжиреген бекерчилерге көңүл буруп, жооп берген үчүн жетекчибизден дагы тил уктук. Андайларга корогон кайран сөз жана бекерге корогон убакыт экенин түшүнөлү дагы, мындан ары көңүл бурбайлы",-деди Орунбеков.
(Текст өзгөртүүсүз берилди)