2025-жылы аз камсыз болгон 13 миң 333 үй-бүлөгө 150 миң сомдон кайтарымсыз каражат берүү пландалууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызынын айтымында, жыл башынан бери 12 миң 661 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн. Бул тууралуу ал “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Социалдык келишимдин алкагында колдоо алган жарандар негизинен айыл чарба, өндүрүш, кызмат көрсөтүү жана соода-сатык сыяктуу төрт тармакта иш башташкан. Гүлмайрам Автандил кызы өз долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырган 9 айымдын жылдык кирешеси 9 миллион сомго жеткенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, өз бизнесин ийгиликтүү өнүктүргөндөргө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыялар берилип жатканы белгилүү болду. Жыл башынан бери республика боюнча 1086 жаран ушундай пайызсыз насыя алган.