“Деревенский квас”, “Анар”: Тыюу салынган суусундуктарды чыгарган цехке айып салынды
Новость

Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл аймагында газдалган суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу менен алектенген жер астындагы цех аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган цехтер «Деревенский квас», «Анар» жана «Деревенский ширеси» аттуу мыйзамсыз суусундуктарды жашыруун чыгарышкан.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жана салык кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүү жүршүндө, Тамак-аш азыктарында технологиялык процесстердин бузулушу жана тыюу салынган заттардын колдонулушу боюнча айыптар салынып, экспертизадан өткөрүү үчүн үлгүлөр алынды.

Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.