АКШнын борбору Вашингтондо өткөн мектеп командалары арасындагы шахмат боюнча дүйнө чемпионатында Караколдогу №11 мектеп-гимназиясынын 14 жаштагы окуучусу Эдиса Бердибаева тарыхый жеңишке жетти.
Ал бардык 8 партияда тең утуп, дүйнө чемпиону аталды.
Мелдешке 48 өлкөдөн 286 шахматчы катышып, 55 команда ат салышкан. Кыргызстан командалык эсепте 28-орунду ээледи.