Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна жумуш сапары менен барды. Анын алкагында МинКаб башчысы Өзгөн-Мырза-Аке- Кара-Кулжа эл аралык маанидеги автоунаа жолундагы капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Белгилей кетсек, аталган жолдун оңдолуучу бѳлүгүнүн узундугу 34 чакырымды түзөт. Ошондой эле, узундугу 31, 102 чакырымды түзгөн 2 көпүрө бар. Аларды жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Учурда тротуарларды куруу, асфальт төшөө, лотокторду орнотуу сыяктуу бир катар иштер уланууда.
Капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыккан МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана өз убагында бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды.