Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышты.
Жыйындын жыйынтыгында мамлекет башчылар тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлуп, кабыл алынды:
- Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;
- Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө-мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусу;
- Казакстан Республикасынын Президенти К. Токаевди Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө чечим;
- Азербайжан Республикасынын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна толук кандуу катышуусу жөнүндө чечим;
- Борбор Азиядагы аймактык коопсуздуктун, туруктуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн концепциясы;
- 2026-2028-жылдарга карата Борбор Азиянын коопсуздугуна байланыштуу тобокелдиктердин каталогу жана аларды алдын алуу чаралары.