Байсалбек Орозали уулу XXV жайкы Сурдлимпиада оюндарында коло медаль жеңди
Новость

Кыргызстандык дзюдочу Байсалбек Орозали уулу Япониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV жайкы Сурдлимпиада оюндарында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Орозали уулу турнирдеги алгачкы беттешинде Венесуэла спортчусун жеңип, кийинки айлампада жапон балбанына утулуп калган. Жарым финалда бразилиялык атаандашына жол берип, бирок коло үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алган.

Чечүүчү беттеште кыргызстандык дзюдочу ирандык балбанды таза «иппон» ыкмасы менен жеңип, коло медалды тагынды.