Нарында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Новость

Бүгүн, 18-ноябрда, саат 05:56да Нарын районунда жер титирөө болуп, анын күчү 4 баллга жетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, силкинүү Нарын районунун Орто-Саз айылында 4 баллга, Нарын шаарында 3,5 баллга, ал эми Жан-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.

Мындан тышкары, жер титирөө саат 06:19да жана 06:43тө дагы кайталанганы кабарланды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.