Президент Садыр Жапаров “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койду. Ушул жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган документ - Кыргызстандын көз карандысыз, атаандаштыкка жөндөмдүү жана жоопкерчиликтүү массалык маалымат каражаттарын түзүүгө багытталган.
Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаты расмий катталгандан кийин гана маалымат таратууга укуктуу. Анын иши негиздөөчүсү же соттун чечими менен гана токтотулушу мүмкүн. Ошондой эле, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинде бир катар негизги эрежелер каралган.
Алсак, журналисттердин кесиптик ишине жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө тыюу салынат. Цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматка жетүү укугу мыйзам менен корголот. Журналисттер маалымат булагын жашыруун кармоого укуктуу. Бирок бул укук аткаруу учурунда соттун талаптары келип түшкөн учурда колдонулбайт. Мындан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттары таратуу жана редакциялык саясат боюнча этикалык стандарттарды сактоого милдеттүү болот.