Кышы узаккка созулган Түп районунун Каркыра айылында жаңы мектеп курулду. 2011-жылдан бери окуучулар мончонун имаратында окуп келишкен. Анда, 25 бала башталгыч класста окуп, 3 гана мугалим иштеген. Чоң класстарынын окуучулары болсо коңшу Сан-Таш айылындагы мектепке барып келип, билимин улантышкан. Эми, чек арада жайгашкан аймакка 100 орундуу билим ордосу салынып, быйылкы окуу жылы менен ишке берилери күтүлүүдө.
Мамлекеттик бюджеттен каржыланган орто мектептин курулушу 2023-жылы башталган. Тендердик баасы 80 млн сомду түзгөн. Эки кабаттуу окуу корпусунун ичинде лабораториялык, компьютердик жана эмгек класстары болуп, бардык шарт каралган. Учурда билим ордосунун курулушу толук аяктап, көрктөндүрүү иштери жасалууда.
Каркыра айылындагы бул мектеп саналуу күндөрдөн кийин жаңы окуу жылына карата ачылаары күтүлүүдө. Жаңы мектептин ишке кириши менен ата-энелер да балдарын жанына алып, айылдан окутууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Анткени, буга чейин көпчүлүгү айласыздан мектеп курагындагы балдарын туугандарынын колуна жөнөтүп, башка жактардан окутууга муктаж эле.
Мектеп маселеси менен катар айылдын таштак жолдору да четинен оңдолуп, Каркыранын инфратүзүмү жакшырып жатканы элеттиктерге дем берүүдө.