Быйылкы "Өлбөс полк" деп аталган жөө жүрүштүн багыты өзгөртүлдү
Новость

Быйылкы "Өлбөс полк" деп аталган жөө жүрүштүн схемасы өзгөртүлдү. Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, 9-майда саат 9:00дө "Өлбөс полк" жылдык аскердик-патриоттук акциясы өз кыймылын баштайт. 

Иш-чара Түштүк Магистралда жайгашкан Дайыр Асанов атындагы сейил бактан башталат. Андан соң Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Жеңиш аянтындагы Түбөлүк от мемориалына чейин келишет. 

Бишкек шаардык мэриясы калаа тургундарын жана конокторду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын алкагында жыл сайын өтүүчү масштабдуу иш-чарага катышууга чакырат. 

Ошондой эле жарандарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууларын өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамдарын алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.