Камчыбек Ташиев убада кылган спортзалдын курулушу башталды
Новость

Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан каржыланып, Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУга спортзалдын курулушуна старт берилди.

Бүгүн, 24-апрелде спорттук залдын жер төлөсүнүн орунун казуу иштери башталды.

Ушул жылдын 16-январында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы окуу жайлардын ректорлоруна жыйын өтүп, анда ректор Түмөнбай Колдошовдун кайрылуусуна КУМИУга спортзалын салып бере тургандыгын убада кылган.