Чек арадан баңгизат алып өткөн чет элдик жаран кармалды
Новость

Чек арадан баңгизатын мыйзамсыз алып өтүү аракети учурунда Өзбекстан Республикасынын жараны кармалганын бүгүн УКМКдан кабарлашты.

10-мартта жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык баңги кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды.

Тактап айтканда, 1997-жылы туулган өзбек жараны Кыргызстандан Өзбекстандын аймагына мамлекеттик чек аранын начар корголгон участоктору аркылуу баңгизаттарды ташуунун туруктуу каналын уюштургандыгы аныкталды.

Шектүү 1 кг "гашиш" баңгизатын чек арадан өткөрүп берүү учурунда кармалды.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча өзбекстандык жаран Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү менен катталган кылмыш ишинин алкагында УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.