Стамбулда террорчу деп шектелген адам атылды
Новость

Стамбулда болжолдуу террорчу деп шектелген адам премьер-министрдин сарайынын жанында жаракат алды. Ал полициянын талабына көнбөгөндүктөн атылган. Көтөрүп жүргөн баштыгында эмне болгону тууралуу маалымат айтылган жок. 12-январда Султанахмет аянтындагы жардыруудан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Ал окуяда 11 киши курман болгон эле.