Кечээ, 17-августта Казакстандын Акмола облусунда учак кулап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка караганда, кырсык Акмола облусунун Целиноград районундагы Төңкерис айылында болгон.
Казакстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Aerostar R40F үлгүсүндөгү жеңил учак пландалган учуу учурунда кырсыкка кабылган. Учак кулагандан кийин өрт чыккан эмес.
Авиакырсыкты иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлүп, Казакстандын Транспорт министрлигинин Кырсыктарды иликтөө департаментинин кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп кетишти.
Акмола облусунун саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, кырсык болгон жерге саат 17:08де тез жардам чакырылган. Биринчи тез жардам бригадасы 17:15те, экинчиси 17:17де келген.
Дарыгерлердин айтымында, эки адам оор жаракаттардын кесепетинен тез жардам жеткенге чейин көз жумган.