Индиянын Гимачал-Прадеш штатында Биласпур районунда жеке автобус катуу жер көчкү астында калып, кеминде 15 адам каза болду, эки адам куткарылды.
Автобус Харьяна штатындагы Рохтак шаарынан Гумарвинге бара жатып, Бертин аймагындагы Бхаллу көпүрөсүнүн жанында катуу жааган жамгырдан улам тоонун боору кулап түшкөн. Куткаруучулар ылай жана урандыларды казып, автобустун ичиндеги адамдарды чыгарып жатышат.
Кырсыктын кесепетинен тирүү калган эки бала ооруканага жеткирилип, бир бала дайынсыз болууда.
Жергиликтүү бийлик каза болгондордун ар бирине 400 миң рупий (4500 АКШ доллары) компенсация төлөп берүүнү жарыялады. Мындан тышкары премьер-министр Нарендра Моди кошумча 2500 доллар төлөмдү камсыз кылат.
Быйылкы адаттан тыш катуу муссон жамгырлары Түштүк Азияда кеңири суу ташкындарын жана жер көчкүлөрдү жаратып, Индия менен катар Пакистан, Непал, Бангладеш, Бутан, Шри-Ланка жана Мальдив аралдарына да таасирин тийгизди.