Эверест чокусуна бет алган миңге жакын альпинист куткарылды
Новость

Эверест чокусуна чыгууга аракет кылып жатып, аба ырайынын кескин начарлашынан улам камалып калган миңге жакын альпинист куткарылды.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарында берилгендей, ишембиден бери Эвересттин чыгыш тарабында калган 900гө жакын альпинист, саякатчы жана жергиликтүү гиддер коопсуз жайга жеткирилген.

Маалыматка караганда, дем алыш күндөрү калың жааган кар алардын жолун жаап, трекерлер 4900 метр бийиктикте кармалып калышкан. Жөө жүрүүчүлөрдүн бири Гешуан Чендин айтымында, альпинисттер түнү менен чатырларын калың кар басып калбашы үчүн ар 20 мүнөт сайын тазалап турушкан.

Жалпы 580 саякатчы жана 300дөн ашык гид, топоз багуучулар менен кызматкерлер болгон. Алардын ичинен 350гө жакыны дүйшөмбү күнү түшкө чейин түшүп келген, калгандары шейшембиде куткарылган.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө Тибеттин түштүгүндө нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгону айтылат. Натыйжада жер көчкүлөр жана суу ташкындары болуп, кеминде 40 адам каза болгон.