Ямалда тик учак кулап, 19 адам каза болду
Новость

21-октябрда кечке жуук Орусиянын Жаңы Уренгой шаарчасынын кениндеги "Роснефть" компаниясында иштеген кенчилерди жеткирип бараткан Ми-8 тик учагы Ямал жарым аралында кырсыкка учураган. 

POST1RIGHT Андан 19 киши курман болуп, 3 киши оор абалда ооруканага жаткырылган. Маалыматка ылайык, кырсыктын келип чыгуусуна Пуров туманы себеп болгону айтылууда. Тик учак менен байланыш үзүлгөн соң, 22-октябрга караган түнү аны издөө операциясы башталган. Издөө, куткаруу иштерине 140 куткаруучу жана 20 техника тартылган. Анын жыйынтыгында тик учак кулаган жер аныкталып, 22 кишинин ичинен 19 киши көз жумганы маалым болгон. 3 киши оор абалда ооруканага жеткирилген.