Пахта баасы дыйкандардын эмгегин актады
Новость KTRK/videograp

Дыйкандар быйыл пахтанын баасы башка жылдарга салыштырмалуу жогору болуп жатканына кубанышууда. Мындан улам дыйкандар жаздан бери көрүлгөн ак эмгекетин акыбети кайтууда дешет. 

Ал эми Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда, учурда пахта жыйноо өнөктүгү аяктоо алдында турат. Быйыл район боюнча, 2 миң гектардан ашуун пахта эгилген. 

Азыркы тапта терим толук аяктай элек, бирок учурдагы өндүрүлгөн пахтанын көрсөткүчү, 8 миң тоннадан ашкан. Адистер белгилегендей пахтанын түшүмү өткөн жылдарга салыштырмалуу жогору. Ал эми облус боюнча 9 миң гектардан ашуун аянтка пахта эгилген.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118