Кочкордо жаңы мал базар салынууда
Новость

Мал киндиктүү Теңир-Тоонун Кочкор районунда жалпы аянты 13 гектарды ээлеген жаңы мал базар салынууда 

Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен үч жарым миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле, административдик-аймактык реформанын алкагында Ормон-Хан айыл өкмөтүнө берилген 10 миллион сом каражат да базардын курулушуна жумшалууда. Куруучулар жаңы базарды келерки жылдын жазында ишке берүүнү пландап жатат.