Баткендин Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында кубаттуулугу 80 МВт электр энергиясын өндүрө ала турган уникалдуу "Агровольтайка" долбооруна старт берилди. Долбоорго 20-сентябрда мезгил кутусу салынды.
"Агровольтайка" долбоору күн панелдерин орнотуу менен таза электр энергияны өндүрөт. Муну менен катар орнотулган күн панелдеринин астына айыл чарба продукцияларын өстүрөт.
Аталган уникалдуу проектти кыргызстандык жаш ишкерлер «Жашыл Тилек» ЖЧКсы менен чогуу ишке ашырып жатат. «Жашыл Тилек» ЖЧК долбоордо аткаруучу позицияда иш алып барат.
«Ишибизди Баткендин Тогуз-Булак айылынан баштоонуу туура көрдүк. Азыр 100 гектар жерге күн панелдерин орнотууга старт бердик. Биздин долбоор – бул күндүн гана энергиясы эмес, бул келечектин энергиясы. Композиттик материалдардын жардамы менен биз жеңил жана ишенимдүү конструкцияларды түзүп, энергетика менен айыл чарбаны айкалыштырабыз. Биз ишенебиз. «Жашыл Тилек» Кыргызстандын инновацияларынын жана туруктуу өнүгүүсүнүн символуна айланат» - дейт «Жашыл Тилек» ЖЧКнын директору Марат Айдаров.
Ошондой эле Марат Айдаров «Агровольтайка» долбоору Кыргызстанда таза, жашыл энергетика тармагына салым кошуу менен өлкө экономикасына түз салымын кошо ала турганын белгилейт.
«Агровольтайка» долбооруна жалпы 32 миллион доллардын тегерегинде инвестиция тартканга жетиштик. Курулуштун баасы болсо 1 кВт кубаттуулукка 400 доллардан каражат жумшалат. Жылына биз 160 миллион кВт·с таза электр энергия өндүрүүнү пландап турабыз» - дейт «Жашыл Тилек» ЖЧКнын директору Марат Айдаров.
«Агровольтайка» долбоору салттуу булактарга (ГЭС, РЭС) болгон жүктү азайтып, көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн кыскартуу менен Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын арттырат.
Ошондой эле айыл чарба жерлерин үнөмдүү колдонуу менен түшүмдүүлүктү артыруу, жергиликтүү жашоочуларды туруктуу жумуш менен камсыздоого да түздөн-түз салымын кошот.
«Күн панелдеринин астына клубника, карагат сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрөбүз. Биринчи этапта эле жылына 2500 тоннадан ашуун кулпунай өндүрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. «Агровольтайканын» дагы бир канча артыкчылыктарын санай кетсем, биринчиден суунун буулануусун азайтып, сууну үнөмдөйт. Экинчиден өсүмдүктөрдү күндүн түз нурунан коргойт. Үчүнчүдөн жерди бир эле учурда энергетика жана айыл чарба үчүн пайдаланууга шарт түзөт»- деп кошумчалайт «Жашыл Тилек» ЖЧКнын директору Марат Айдаров. .
Долбоордун технологиялык өзгөчөлүгү жана эффективдүүлүгүн башкы подрядчик Динахмед Исламов төмөнкүдөй түшүндүрөт.
«Биз орното турган күн панелдери 25 жыл ашыгы менен иштеп бере алат. Инновациялык конструкциялар композиттик материалдардан жасалган. Алар кадимки металл конструкцияларына салыштырмалуу жеңил жана бышык. Жарык жана аба өткөрүүчү конструкциялар, өсүмдүктөр үчүн ыңгайлуу микроклимат түзөт. Ошондой эле шамалга туруктуу. Энергия менен түшүмдү бир убакта көзөмөлдөгөн мониторинг системасы да бар» .
Ал эми «Агровольтайка» долбоорунун аймак, анын ичинен Лейлек району үчүн мааниси чоң. Долбоорго капсула салган Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева “Агровольтайка” Тогуз-Булак айылын дотациядан чыгарып, элдин турмуш-шартын жакшыртууга жол ачат деп ишенет.
«Тогуз-Булак айыл өкмөтү канча жылдардан бери дотацияда отурган айыл өкмөт болуп саналат. Аталган долбоор айылды дотациядан чыгарууга да түз салымынын кошуп жатат. Инвесторду тартып келүүдө эл өкүлү катары эки жылдан ашык аракетимди жасадым. Чындыгында мурдагы чек ара чырларынан кийин бизге инвесторлор келбей калган. Мына ошондон бери биздин районго келген алгачкы инвестор деп айтсам болот» -дейт Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева.
Күндөн электр энергия өндүрүү менен бир эле учурда агро өсүмдүктөрүн да өстүрө алатурган «Агровольтайка» долбоору «Жашыл Тилек» ЖЧКнын алгачкы стартап аракети.
«Идеябыз масштабдуу. Кыргызстанда иштетилбей жаткан жерлер толтура. Ал жерлердин баарынан биз эффективдүү түшүм алууга мүмкүн. Күн панелдеринин астынан түшүм алуу деген чындыгында буга чейин Кыргызстанда болгон эмес. Алгачкылардан болуп биз ишке ашырып жатабыз. Кудай буюрса алдыда бул долбоорду ар бир районго, өлкөнүн булуң бурчуна чейин жеткиребиз» - дейт «Жашыл Тилек» ЖЧКнын директору Марат Айдаров.
«Агровольтайка» долбоору Кыргызстанда жашыл экономикага салым кошо алчу жаңы, уникалдуу долбоор десек болот.