Айтматов районунун Бакайыр айылындагы 60 га кайрак жерге төө буурчак эгилип, жамгырлатып сугаруу ыкмасы колдонулууда.
60 гектар жерди жамгырлатып сугаруу үчүн 6 миң кубтук бассейин салынган. Бассейинге суу жанаша жайгашкан Сарымсак каналынан алынат. Жалпы жер аянтына 1040 даана жамгырлатып суу чачкыч орнотулган.
Мындай ыкма, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин сугат сууну үнөмдүү пайдалануу жана жамгырлатып сугаруу тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда.
Учурда Айтматов районунда 80 гектар жер аянтына жамгырлатып сугаруу ыкмасы ишке ашырылып, натыйжасын берүүдө.