Бакыт Төрөбаев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чже менен жолукту
Новость

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чже менен жолукту. 

Тараптар өзгөчө, 2023-жылга карата Корея тарабынан каралып жаткан долбоор боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев, Кыргыз-түштүк кореялык эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын маанилүү жана приоритеттүү багыты болуп келгенин жана болуп кала берээрин белгиледи. 

Ли Вон Чже корей тарап кыргыз-корея кызматташтыгын мындан ары илгерилетүүнү улантаарын айтты.