Түркияга үчүнчү куткаруучулар тобу кетти
Новость www

Түркиянын жер титирөө болгон аймагына куткаруучулардын үчүнчү тобу бүгүн атайын борт менен учуп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар бар. Алар менен 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана дары-дармек түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү.