Кыргызстан Түркияга дарыгерлер тобун жиберет
Новость

Кыргызстандык дарыгерлер Түркияга жер титирөөдөн жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн барат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

Ведомстводон билдиришкендей, жогорку деңгээлдеги нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан тамыр хирургу, жалпы хирургдардан турган квалификациялуу адистердин командасы даярдалган.

Дарыгерлер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көчмө ооруканасында иштешет. Дарыгерлер өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон дары-дармектер жана тигүүчү материалдар менен камсыздалат. 

Ошондой эле дары-дармек жана медициналык буюмдар түрүндөгү гуманитардык жүк жөнөтүлөт. Мындан тышкары, медицина кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк эмгек акыларын которушат.