Садыр Жапаров энергетика министрине “Чексиз тарифти” токтотууну тапшырды
Новость

Президент Садыр Жапаров "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын калкты электр энергиясына болгон "Чексиз тарифке" өтүү чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракеттерине кескин баа берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы  Аскат Алагөзов Фейсбук бараксаына жазды.

“Мамлекет башчысы электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай демилгелерге жол берилбестигин жана алар коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Президент Садыр Жапаров бул тарифти колдонууну токтоосуз токтотууну жана кыш мезгилинде жарандарга электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды”,-деп жазган Аскат Алагөзов.