"Көз микрохирургиясы" госпиталынын директору Алмаз Исманкулов кармалды
Новость

ИИМнин Тергөө кызматы тарабынан “Көз микрохирургиясы” госпиталынын директору Алмазбек Исманкуловго, ошондой эле Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү министрлигинин айрым кызмат адамдарына карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.

Маалым болгондой, кылмыш иши чет өлкөлүк техникалык кредиттердин алкагында Кыргызстанга жеткирилген медициналык жабдууларды мыйзамсыз алуу жана ыйгарып алуу фактылары боюнча козголгон.

Тергөө материалдарына ылайык, 1997-жылы университет тарабынан “КМУУнун Медициналык борбору “ИнтерГоспиталь” ЖЧКсы түзүлүп, анын директору болуп А.Исманкулов дайындалган. 1998-жылы ал кореялык “Медисон Ко. ЛТД” компаниясы менен жабдууларды жеткирүү боюнча келишим түзгөн.

Бирок кийин “ИнтерГоспиталдын” негиздөөчүлөрүнүн жасалма жыйыны аркылуу университеттин мамлекеттик үлүшү жеке менчикке чыгарылып кеткен. 

1999–2000-жылдары өлкөгө жалпы суммасы 9 миллион доллардан ашык акча каражатына медициналык жабдуулар келген. Бирок, Исманкулов тарабынан иштелип чыккан схема боюнча  КМУУнун, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү министрлигинин жана башка ведомстволордун айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен жабдуулар мыйзамсыз түрдө бөлүштүрүлүп, Исманкуловго таандык жеке менчик медициналык клиникаларга өткөрүлүп берилген. 

Аталган жабдууларды сатып алууга алынган кредит азыркыга чейин төлөнө элек жана аны төлөө боюнча милдеттенмелер, соттун чечиминин негизинде мамлекетке жүктөлгөн. 2025-жылга карата карыздын суммасы 31 миллион долларга чейин жеткен.

ИИМдин маалыматына караганда, Исманкулов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча шектүү катары кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынган.

Тергөө уланууда, ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат.