Түркия Маданият жана Туризм министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–сентябрь айларында Түркияга 50 миллион чет элдик конок келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6% өскөн. Туризмден түшкөн жалпы киреше 50 миллиард АКШ долларын түзүп, 5,7% көбөйгөн.
Бүткүл дүйнөлүк Туризм уюмунун (UN Tourism) 2024-жылкы маалыматы боюнча дүйнөдөгү төртүнчү ири туристтик багыт катары саналган Түркия Стамбул шаарында өткөн маалымат жыйынында бул көрсөткүчтөрдү жарыялады.
Маданият жана Туризм министри Мехмет Нури Эрсой белгилегендей, алгачкы тогуз айдын ичинде келген туристтер орточо 10,3 түнгө токтоп, бир түнгө 103 доллар сарпташкан. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 7% жогору.
Министр Эрсойдун айтымында, Түркия жылдын аягына чейин кирешени 64 миллиард долларга жеткирүүнү көздөөдө.
«2025-жылдын алгачкы тогуз айы биздин регион үчүн олуттуу сыноолор менен коштолду. Региондогу жаңжалдар жана климаттык өзгөрүүлөргө карабастан, стратегиябыздын аркасында кирешебизди 5,7% көбөйтүп, 50 миллиард доллар чегинен өттүк. Бул тарыхта биринчи жолу үчүнчү чейректе мындай көрсөткүчкө жетиштик. Жылдын аягына чейин максатыбыз – 64 миллиард доллар киреше алуу».
Тогуз ай ичинде Түркияга эң көп турист келген үч өлкө: Россия Федерациясы (5,53 млн), Германия (5,22 млн) жана Улуу Британия (3,54 млн). Кыргызстандан Түркияга барган зыяратчылардын саны болсо өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу 5,3% артыш менен 151 миң кишиге жетти.
                                                                                    





