Таласта төө буурчактын баасы көтөрүлдү. «Юбка», «Рябой» жана «Боксер» сорттору тазалангандан кийин бир килограммы 67 сомго чейин бааланууда.
Ал эми Таластык дыйкандар көп эккен Лопатка сортунун 1 килограммы 55 сомдон 57 сомго чейин кампаларга кабыл алынууда. Эң эле төмөнкү баадагысы - буурчактын «Томатный» деген түрү болууда.
Анын 1 килограммын дыйкандар 35 сомдон өткөрүшүүдө. Таласта төө буурчак кабыл алуучу 12 чет элдик фирма иштеп жатат. Ал эми ортомчулук кылган жеке ишкерлердин саны 30дан ашат.