Күйүүчү май кымбаттады
Новость

Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 50 тыйынга, дизелдик отун жана автомобиль газы 1 сомго кымбаттады. Бул тууралуу “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынан билдиришти. Бензин менен дизелдик отундун баасы акыркы үч айдан бери көтөрүлө элек болчу. Ассоциация Автомобиль газы аз өлчөмдө болуп жаткандан улам баасы өстү. POST1RIGHT

Муну ассоциация Орусиядагы дүң баалардын 90 пайызга чейин өсүшү, Казакстан мындай газды сыртка чыгарууга тыюу салганы менен түшүндүрду. 

Биздин өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводу болсо ремонтко жабылып, учурда газ чыгарган жок. Азыр суюлтулган автомобиль газынын 1 литри 24 сом 50 тыйындан сатылууда. Төрт ай мурда 17 сом болчу.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118