Кытайда окуган кыргыз студенттери үчүн виза берилет (аудио)
Новость

Кытайда окуган кыргыз студенттери үчүн виза берилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат-катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады. 

Буга чейин студенттер виза ала албай, окуудан кечигип жатышканы айтылган. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кытайлык кесиптеши Ван И менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселе чечилди. Студенттер 4 күндүн ичинде тиешелүү документтерин өткөрүшү керек.




КалыгулАсамбаев