Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди
Новость www

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына  абитуриенттерди кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин 30-ноябрдагы №665 токтомуна ылайык, абитуриенттерди университеттерге кабыл алуу тартибине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- Абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 25-августка чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 10-февралга чейин жүргүзүлөт.

- Чет өлкөлүк абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 15-октябрга чейин жүргүзүлөт.

- Жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк абитуриенттерди кабыл алуу мөөнөттөрү Кыргызстанда же чет мамлекеттерде келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан 5-декабрга чейин узартылышы мүмкүн.