Окуучулар күзгү каникулга качан чыгышат?
Новость

Окуучулар үчүн күзгү каникулдар 5-ноябрда башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, мектептерде 2025–2026-окуу жылынын биринчи чейреги 4-ноябрда жыйынтыкталат.

Ошону менен катар окуучулар үчүн күзгү эс алуу мезгили 5–9-ноябрь күндөрүнө белгиленди.

Жаңы Эмгек кодексинин кабыл алынышына байланыштуу январь жана май айларында республика боюнча жарандарга узак мөөнөттүү эс алуу каралган. Андыктан окуучулардын каникулдары аталган өзгөрүүнү эске алуу менен кыскарган. Бирок жыл ичинде балдар тиешелүү 30 күн эс алышат.