Камчыбек Ташиев мектеп окуучуларына ачык сабак өттү (видео)
Новость

Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Сатыбалды Давлетов атындагы №14 мектептин жаңы имаратынын ачылышы болду. Ага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да катышты. 

Ачылуу аземинен соң Камчыбек Ташиев мектептин 11-классынын окуучуларына ачык сабак өтүп, алар менен баарлашты.