Кыргызстанда учурда 283 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат. Анын 145и мектеп , 74ү мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 34ү спорттук объект , 11 саламаттык сактоо мекемеси , 5 маданият үйү, 14ү административдик имарат.
Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Буга чейин 2025-жылдын эсебинен 126 социалдык объект бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Жыл соңуна чейин дагы 100дөй соцобъектинин курулушун бүтүрүү пландалууда.