Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар
Новость

Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 16-17-ноябрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар түшүү коркунучу сакталат.

Алсак, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255 чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 5-14 чакырымдарындагы Өтмөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдочоуларга эскертет.