УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына жалпы баасы 100 миллион сомдук жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 6-ноябрда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына жаңы техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Жалпы баасы 100 миллион сом болгон 36 даана ар түрдүү коммуналдык техникалар — жол тазалоочу, таштанды ташуучу, суу чачуучу жана тейлөөчү атайын унаалар Балыкчы шаарынын муниципалдык чарбасына берилди.
Генерал Камчыбек Ташиев тапшырылган техникалар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга, санитардык тазалыкты камсыздоого жана коомдук кызматтардын сапатын жогорулатууга чоң салым кошорун белгиледи.
Ошондой эле төрага Балыкчы шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Президенттин турукташтыруу фондунан жакын арада дагы 500 миллион сом бөлүнөрүн кабарлады. Ал Балыкчы шаары Ысык-Көл облусунун кире беришинде жайгашкан туристтик негизги аймактардын бири болгондуктан, калаанын инфратүзүмүн жакшыртуу маанилүү кадам экенин кошумчалады.
Техникаларды тапшыруу аземинде генерал-полковник чогулган элдин кайрылууларына да көңүл бурду. Жарандар аймактагы жерлердин мыйзамсыз берилиши, калкты турак жай менен камсыз кылуу жана жергиликтүү социалдык кызматтардагы мыйзам бузуулар боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү. Мунун негизинде төрага айтылган маселелерди чечүү боюнча тиешелүү кызматтарга жеринде тапшырма берди.
Өз кезегинде Балыкчы шаарынын тургундары өлкө жетекчилигине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.





