Ош шаары менен облусунун аймагында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан 7 миң 477 батирди камтыган ипотекалык турак жайлардын курулушу жүрүп жатат. Жаңы үйлөрдүн алгачкылары келерки жылдын жаз айларында пайдаланууга берилери күтүлүүдө.
Компаниянын маалыматына ылайык, турак үйлөр социалдык, жеңилдетилген жана арзан ипотека программаларынын, ошондой эле “Үлүштүк курулуш” механизминин алкагында курулууда.
"Үлүштүк курулуш" механизми – өлкө башчысынын тапшырмасы менен иштелип чыккан. Бул эреже кыска мөөнөттө үйгө муктаж жарандарды турак жай менен камсыз кылууга багытталган. Айрыкча ак өргөлүү болуу максаты менен жылдап четте иштеп жүргөн мекендештер үчүн бул программа жеткиликтүү болуп, кайрылгандар арбын дешет компания өкүлдөрү.
“ Кошумча механизм бул – үлүштүк курулуш. Негизи мигранттар үчүн иштелип чыккан. Мында кезектүүлүк каралбайт. Эгер жарандын атына турак жай же үлүш жери катталбаган болсо, батирдин 50 пайызын төлөө жолу менен батир ала алышат,” – деди МИКтин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Жаркыбек Токтораев.
Ошто Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан 7 турак жай комплексинин төртөө Ош шаарында салынууда. “Асман резиденс-1, 2, 3 жана 4” турак жай комплекстеринде 74 блок үй курулууда. Мындан тышкары, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында, ошондой эле Өзгөн шаары менен Мырза-Аке айыл аймагында дагы ипотекалык турак жайлардын курулушу кызуу уланып жатат.
Техникалык көзөмөлдөөчү Таалайбек Түркбаевдин айтымында, курулуштар заманбап технологиялык ыкмалар менен жүргүзүлүп, темир-бетон конструкциялар колдонулууда. Бул ыкма Жалал-Абаддагы үйлөргө да колдонулган. Артыкчылыгы сейсмотуруктуулугу жогору.
Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан бул үйлөрдөн батир алууну каалагандар электрондук кезекке туруусу зарыл. Батирлер “Менин үйүм” программасынын алкагында 4 жана 8 пайыздык чен менен 25 жылга чейин бөлүп төлөө шарты менен берилет.