Эми жарандар насыя алууга өзүнө-өзү тыюу сала алышат
Новость

Жарандар эми насыя алууда өзүнө-өзү тыюу салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу “Түндүк” ААКнын башкы бизнес-аналитиги Жоомарт Надырбеков Биринчи радионун "Кыргызстан экономикасы" уктуруусунда билдирди.

Анын айтымында, жарандар насыя алуу мүмкүнчүлүгүн чектөөнү кааласа, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу оңой эле жасай алышат. Бул үчүн жарандын телефонунда “Түндүк” тиркемеси орнотулуп, жеке аккаунту болушу зарыл.

Процедура төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

  • Тиркемеге кирип, паспорттун 14 сандык ПИН номерин жана сыр сөзүн жазуу керек.
  • Андан соң “Кызматтар” бөлүмүнө өтүп, “Насыя алууга тыюу салуу” деген кызматты тандашат.
  • Ал кызматка киргенде тиешелүү маалыматтар чыгат. Барактын ылдый жагында “Өтүнмө жиберүү” баскычы бар.
  • Бул баскычты баскандан кийин эки кредиттик бюронун тизмеси чыгат. Алардын бирин тандап, акыркы баракчада жарандын аты-жөнү жана ПИН номери көрсөтүлөт.
  • “Насыя алууга тыюу салуу” деген баскычты басуу менен жаран өзүнө насыя алуу боюнча чектөө киргизет.

Мындан тышкары, каалоо болсо бул тыюуну алып салуу да мүмкүн. Эгер жаран кайрадан насыя алууну кааласа, ошол эле жол-жобо аркылуу тыюуну жокко чыгара алат.

Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам 1-ноябрдан тарта күчүнө кирди. Бул демилге Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталып, ушул жылдын 30-июлунда Президент кол койгон.

Мыйзамдын негизги максаты – жарандарды алдамчылардан жана финансылык шылуундардан коргоо. Ошондой эле бул чара алдамчылыкты алдын алуунун эң натыйжалуу инструменттеринин бири болуп саналат.