Мамлекеттик салык кызматы 166 миллиард сомго жакын салык жыйнады
Новость

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун натыйжасында Мамлекеттик салык кызматы соңку он айдын жыйынтыгында 166 миллиард сомго жакын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады.

Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик 50 миллиард сомго көп. Мындай натыйжаларга Мамлекеттик салык кызматы санариптештирүүнүн алкагында көрүлүп жаткан аракеттер, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, көзөмөл- кассалык машиналарды орнотуу менен жетишип, планды ашык аткара алды.