Японияда уйкаш аттуулар чогулду
Новость

Кечелерде дароо эле бир канча адамдардын ысымын жаттап калуу айрымдарына жеңил болгону менен көпчүлүккө бул оорчулук алып келет. Бирок бул көйгөй көбүнесе окшош аттарга кыйынчылык туудурбаса керек. 

Мисалы Японияда 3 жаштагы наристеден 80 жашка чейинки карыялардын аты менен атасынын аттары окшош Танака Хирокадзу деген 178 адам бар. Анан эң кызыгы бул уйкаш аттуулар Токионун театрларынын биринде Гиннестин рекорддор китебин жаңыртуу үчүн чогулушту. 

Буга чейин Марта Стюарт деген 164 окшош ат рекорддор китебине катталган болчу. Бул жолу Токиодо өткөн иш-чаранын көрүүчүлөрү адаштардын рекордунун жаңыланышын кубануу менен кабыл алышты.