Европада дизель отунга муктаждык жаралышы мүмкүн
Новость

Европа дизель отунунун курч жетишсиздиги жаралып калуу коркунучунан чоочулап турат. Мындай кооптонуу Евробиримдиктин Россиянын мунай импортунан баш тартуу чечиминен кийин жаралды. Тагыраагы европанын аймагына Россиядан ири көлөмдө дизель отуну келип турат. Мындан улам мунайды кайра иштетүү тармагы күчтүү Нидерланды коңшуларына жардам берүү убадасын берди.

Европанын көптөгөн май куюучу жайларында дизелдик отун бензинге караганда кымбатыраак. Анткени Европада жеңил дизелдик машиналардын саны бир нече жылдан бери азайып баратат, бирок солярканы транспорттук компаниялар активдүү колдонушат. Ушундан улам, күйүүчү майга болгон баанын өсүшү бүт тармактардагы баалардын өсүшүн шарташы мүмкүн.

Роттердамдагы мунайды кайра иштетүүчү завод, дүйнөдөгү эң ири порттордун биринин жанында жайгашкандыктан кыска убакыттын ичинде Россиянын мунайынын башка компаниялар менен алмаштырып, өндүрүш ыргагы дээрлик токтогон эмес. Бирок, Нидерландыдай мүмкүнчүлүк европанын көптөгөн өлкөлөрүндө жок.