Филиппин: Тропикалык бороондон миллиондогон адам жабыркады
Новость

Филиппиндеги "Налджи" тропикалык бороонунун курмандыгы кеминде 48 адамга жетип, 22 адам дайынсыз болууда. Ондогон адам жаракат алды. Табигый кырсыктын кесепетинен өлкөнүн миллионго жакын тургуну жапа чегүүдө. Өтө кооптуу делген аймактардан 360 миңден ашуун адам эвакуацияланып, алар үчүн эки миңден ашык убактылуу жайгаштыруу борборлору ачылды. 

Белгилей кетсек ишемби күнү Лусон ири аралында катуу бороон болуп, ал суу каптоолорго алып келди. Кырсыктын айынан борбор шаар Маниланын айрым көчөлөрү суу астында калды. 

Жалпысынан Филиппиндин 55 шаарында суу ташкындан улам окуу жайлар менен көпчүлүк ишканалар жабылды. Бийлик миллиондогон долларлык чыгымдарга кириптер кылганын айууда.