POST1RIGHTБүгүн таң агараары менен, шаардагы мунициалдык ишканалардын кызматкерлери дароо көчөлөрдү кыдырып баштады.
Себеби эс алуу күндөрүндөгү аба-ырайы бир топ бак дарактарга кесепетин тийгизген.
Айрым жерлерде бутактар сынып, жолго түшүп калган болсо, айрым көчөлөрдө бактар кулаган.
Эс алуу күндөрүндөгү аба-ырайы, бир топ бак дарактарга кесепетин тийгизди. Дарактардын кулаганы туурасындагы билдирүүлөр жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасына туш тараптан түшө баштаган.
Мындан улам ишкана кызматкерлери топ топко бөлүнүп, борбор калаанын көчөлөрүн тазалаганы чыгышкан.
Буга чейин борбор калаада кулап тушкөн бактардын кесепетинен адам өмүрүнө коркунуч алып келген жагдайлар бир нече жолу катталган. Бактыга жараша бул жолу жабыр тарткандар болгон жок.