Акыркы учурда жашы жете электердин “антикинотеатр” деп аталган жайларда бөлмө ижарага алып, компания болуп убакыт өткөргөн учурлары көбөйүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
ИИМдин маалыматына ылайык, мындай “эс алуу” көп учурда спирт ичимдиктерин, психотроптук заттарды колдонуу жана башка укукка каршы аракеттер менен коштолууда.
Балдарды кооптуу жагдайлардан коргоодо ата-энелер үчүн баланын кайда жүргөнүн билүү гана эмес, анын чөйрөсүн да көзөмөлдөө өтө маанилүү.
Ата-энелерге ИИМ сунуштаган жөнөкөй кеңештер:
- Баланын жашоосуна кызыгыңыз. “Кайда жүрдүң?” деп гана эмес, “ким менен болдуң, эмне кылдың, эмнеге кызыгып жатасың?” деп сураңыз;
- Ишенсеңиз да, текшериңиз. Өспүрүмдөр эркиндикти жакшы көрүшөт, бирок алар да чек жана коргоо муктаждыгында. Кээде кырсыктын алдын алуу үчүн жөн гана сүйлөшүү жетиштүү болот;
- Үлгү болуңуз. Эгер бала чоңдордун жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун көрсө, ошол үлгүнү кабыл алат;
- Кесепеттерин түшүндүрүңүз. Алкоголдун, баңги заттардын зыяндуулугу жана мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө ачык сүйлөшүңүз.
ИИМ өспүрүмдөргө да кайрылды:
Кокустан кабыл алынган чечим олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Чыныгы эркиндик — бул уруксат берүү эмес, буза турган нерсеге “жок” деп айтууну билүү. Чыныгы достор — сиздин чек араңызды сыйлаган жана туура чечимдерди колдогон адамдар.
Эгер сиз кыйын жагдайга туш болсоңуз, ата-энеңизден, мугалимиңизден же милициядан жардам сураңыз — алар сизди угат жана жардам берет.
ИИМ ата-энелерди, мугалимдерди жана коомчулукту өспүрүмдөргө көңүл бурууга, туура тандоого жетектөөгө жана коопсуз эс алуу шартын түзүүгө чакырат.
“Балдарыңызга ишениңиз, бирок алар менен бирге болуңуз — колдоо жана ишеним ар кандай тоскоолдуктан жогору турат.”